Сооронбай Жээнбеков: Мен легитимдүү президентмин
Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда Би-Би-Си радиосуна маек куруп, өлкөдөгү соңку окуяларды бийликти мыйзамсыз басып алуу аракети деп мүнөздөдү.
«Алардын максаты - шайлоонун тыянагын жокко чыгаруу эмес, өлкөдөгү туруктуу абалды бузуу болгону көрүнүп турат. Аягында келип эле президентти кызматтан кетирүү максатты көздөгөнү ачык-айкын болду. Баарыбыз көрүп жатабыз, эртең менен бири, түштөн кийин бири кызмат талашууда. Тилекке каршы, эки ирет ушундай олку-солкудан өткөн Кыргызстаныбыз кайрадан ошондой абалга туш болуп калды. Тараптардын баарын мындай ишти токтотууга чакырат элем», - деди ал.
Жээнбеков өлкөдөгү абалды турукташтырууга жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.
«Координациялык кеңеш абалды укуктук талаага кайтарууга аракет кылууда. Мен аларга жардам берүүгө даярмын. Мен — легитимдүү президентмин, мага көп нерсе көз каранды», — деди Жээнбеков.
Президент буга чейин «YouTube» аркылуу видео кайрылуу жасап, соңку окуяларды шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган.
5-6-октябрдагы тополоңдо ондогон адам жараат алып, бир киши мерт болду.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга оогон түнү президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.
Калайман башаламандыкка айланган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин каршылык акциясынын жыйынтыгында дүйшөмбүдөн шейшембиге оогон түнү демонстранттар Ак үйдү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратын басып алышкан жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган камактагы саясатчыларды бошоткон.
Ушул эле таңда №27 абактагы экс-депутат Садыр Жапаров, Петровка абагындагы мурдагы премьер министр Сапар Исаков, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга айыпталып камалган мурдагы аткаминерлер абактан бошотулган. Сапар Исаков абак жетекчилигинин уруксаты менен жети күндүк мөөнөткө абактан чыкканын «Азаттыкка» билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12