KELECHEK
rek

Мадумаров: Садыр Жапаров адилетсиз күчтөргө курал болуп жатат

Мадумаров: Садыр Жапаров адилетсиз күчтөргө курал болуп жатат

Kyrgyzstan - Adahan Madumarov, politic.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан сегиз партиядан турган Координациялык кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөнүн тааныбайт. Мадумаров мындай пикирин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасынын 7-октябрдагы чыгарылышында билдирди:

"Садыр мырза шашпаса болмок, 2-3 саясий күчтөрдүн аркасы менен премьер-министр боло калам дегени туура эмес. Анын акыркы кадамдары артында ишеничтүү күчтөр турганынан күмөн жаратып жатат. Ал сырттагы кандайдыр бир күчтөргө куурчак болуп берип жатат. Адилеттүүлүк деп кыйкырып жүрүп, кайра өздөрү ошол адилетсиз күчтөргө курал болуп берип жатканына жол болсун!"

Ушул тапта Өкмөт үйүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар чогулуп, убактылуу өкмөт түзүү маселесин карап жатышат.

Ал арада Садыр Жапаров маалымат жыйынын куруп, өзүн "легитимдүү өкмөт башчымын" деп жарыялады.

Аны колдобогон саясий топтор жана жаштар кыймылдары 7-октярда "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүп, өздөрүнүн талапкерлерин сунушташты. Каршы тарап Садыр Жапаровду Жээнбековдор менен Матраимовдордун кландары менен жең ичинен сүйлөшүп алды деп күнөөлөп жатат.

6-октябрда «Достук» мейманканасында чогулган депутаттар тобунун жыйынына VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров көрсөтүлгөн.

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12