KELECHEK
rek

Саясий партиялардын координациялык кеңеши жыйынга чогулду

Саясий партиялардын координациялык кеңеши жыйынга чогулду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имараты. Бишкеке ш. 6-октябрь, 2020-жыл.

Координациялык кеңештин жыйынында өлкөнүн коопсуздугу, коомдук тартипти көзөмөлдөө жана башка маселелер каралууда. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 12 саясий партиянын жетекчилери координациялык кеңеш түзгөн. Координациялык кеңешке “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев жетекчилик кылып жатканы айтылууда.

Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгенин билдирген. "Замандаш" партиясынын талапкери Мелис Турганбаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы катары өз кызматына кайтып барып, иштеп жатканы, Бишкек шаарынын коменданты милдети Курсан Асановго жүктөлгөнү кабарланды.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-октябрдагы окуяны шайлоо шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети деп баалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12