
Түркмөнстандын түштүгүндө ири мүйүздү мал кырылууда

Мары облусунда ири мүйүздү мал белгисиз илдеттен улам кырылууда. Бул тууралуу “Азатттыктын” түркмөн кызматы кабарлады.
«Кырылган малдын так саны канча экени белгисиз. Бирок Каракум районунда эле 200дөй баш мал өлдү деп айтып жатышат, башка аймактарда деле абал ушундай», - деди редакциянын кабарчысы.
Маалыматка караганда, ылаңдаган мал алгач чөп жебей, тез арыктап кетүүдө. Фермерлер башында өзүлөрү дарылоого аракет жасашкан, кийинчерээк ветеринарларга кайрылууга туура келген. Малга ийне сайылууда. Бирок ал дагы жардам берген жок.
Аймакта кара мал эки ай мурун эле ооруп баштаган, бирок соңку эки аптада илдет күчөп кетти.
Ветеринардык кызматкерлер малдын жапырт кырылышына эмне себеп болуп жатканын так айта алышпайт, алар мындай ооруну биринчи жолу кезиктиришкенин белгилешүүдө.
Жашоочулар жергиликтүү бийликке жардам сурап кайрылышкан, бирок эч кандай чара көрүлө элек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04