Ереванда полиция каршылык акциясына чыккандарды кууп таркатты
Ереванда бүгүн таң эрте полиция нааразычылык акцияга чыккандарды кууп таркатты. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосу билдирет. Митинг 17-июлда “Негиздөөчү парламент” кыймылынын куралдуу тарапташтары тарабынан барымтага алынган полиция имаратынын жанында болгон.
Операция алдында полиция митингчилерге кууп таратуу жөнүндө эскерткен. "Новости – Армения" агенттигинин маалыматы боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери атайын каражаттарды колдонгон эмес. Такталбаган маалыматтарга карганда 50 адам – кечээки демонстрациядан кийин кетпей койгон акциянын бардык мүчөлөрү кармалды.
20-июлдун кечинде Еревандын Эребуни районунда полиция менен куралдуу оппозициялык топту жактаган демонстранттардын кагылышуусунан 45 адам ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген. Анын 25и полиция кызматкерлери экенин Армениянын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.
Кагылышуу бийлик полициянын Эребуни райондук бөлүмүндө бир нече тартип сакчысын барымтада кармап турган куралдуу топко тамак-аш берүү талабын четке каккан соң башталган. Демонстранттар полицияны таш менен ургулап, укук коргоо органдары аларды таратуу үчүн жарык чачуучу, кулак тундуруучу граната колдонгон.
Нараазылык акциясына эки миңге чукул адам чогулган. Куралдуу топ полициячыларды 17-июлдан бери барымтада кармап турат. Алар ошол күнү полиция участогуна бастырып кирип, камакта жаткан оппозиционер Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылган. Сефилян мыйзамсыз маңзат сатып алган, курал сактап жүргөн деген айып менен 22-июнда кармалган. Алар президент Серж Саргсян отставкага кетиши керектигин да жарыялашкан. Оппозиция өкүлү Варужан Аветисян талаптары аткарылмайынча, имараттан чыкпай тургандарын билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









