KELECHEK
rek

Башкы прокуратура: Партиядан акча алган шайлоочулар жазаланды

Башкы прокуратура: Партиядан акча алган шайлоочулар жазаланды

Иллюстрациялык сүрөт.

 

Саясий партиялардан акча алган беш шайлоочу жоопко тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме билдиргендей, алар Тартип бузуу жөнүндө кодекстин «Шайлоочунун (референдумдун катышуучусунун) акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алышы» беренесинин негизинде жазаланды. Бул беренеге ылайык, катардагы жаранга бир миң, ал эми юридикалык жакка беш миң сом айыппул салынат. Бирок эгер мыйзам бузуу болгону тууралуу өз эрки менен айтып берсе жоопкерчиликтен бошотулат.

Башкы прокуратура шайлоочулардын добушун сатып алуу тууралуу маалыматтар социалдык түйүндөргө жарыяланганын белгиледи. Башкы көзөмөл органы жалпысынан мындай иштер боюнча сегиз адам жоопко тартылганын маалымдады.

Буга чейин Башкы прокуратура шайлоочулардын добушун сатып алуу жана документ жасалмалоо тууралуу маалыматтарга байланыштуу жалпысынан 83 материал иликтенип жатканын кабарлаган.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53