Ноокенде рейд учурунда ресторанда өткөрүлүп жаткан той токтотулду (ФОТО)
Ноокен райондук ички иштер бөлүмү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин жайылуусун болтурбоо, санитардык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Тиешелүү кызмат өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топ район аймагындагы базарларды, кафе-ресторандарды, жарандар көп топтолуучу жайларды текшерүүгө алышты. Санитардык нормаларды сактабай, коомдук жайларда бет кабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилди.
Мындан сырткары 4 коомдук жайларга КРнын “Бузуулар жөнүндөгү” кодексинин 293-беренеси менен протокол түзүлүп, айып пулдар салынды. Буга чейин айып пул салынып, бирок дагы деле мааракелерди кабыл алып жаткан ресторандагы той токтотулду. Учурдагы кырдаалды эске албай алдыда дагы буюртмаларды кабыл алган ресторандын буюртмалары токтолуп, 26-сентябрда чыгарылган штабдын чечими тааныштырылды. Штабдын чечими аткарылбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди.
COVID-19 илдети адамдын кызматына, байлыгына карабай жуга тургандыгы, анын алдын алуу санитардык нормаларды жана жеке гигиенаны сактоо экендиги жеткирилди. Илдетти жугузбоого ар бир жаран өзү үчүн кам көрүп, айтылып жаткан медициналык каражаттарды жанына салып жүрүү керектиги белгиленди.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41