KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-сентябрда, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Ал өлкөгө Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Россия Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышууга делегацияны баштап келген.

Кыргыз-Россия эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алышуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга көрсөткөн колдоосу, гуманитардык жардамы жана орто жана чакан бизнести колдоо үчүн Евразиялык фонддун линиясы менен 100 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя бөлгөндүгү үчүн россия тарапка дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы постпандемиялык мезгилде биргелешкен күч-аракеттерди топтоонун, соода-экономикалык мамилелерди активдештирүүнүн жана пандемиянын кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуунун маанисине токтолду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия тарап менен энергетика, темир жол, инфратүзүм, аймактарды өнүктүрүү жаатындагы долбоорлор, ошондой эле ЕАЭБдин алкагындагы долбоорлор боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, бул багытта Өкмөттөр аралык комиссияга чоң роль берилгенин кошумчалады.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен Өкмөт төрагасы Михаил Мишустиндин саламдары менен жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.

Ал Россия тараптын Кыргызстан менен стратегиялык жана союздаш мүнөздөгү эки тараптуу мамилелерди баалай тургандыгын баса белгиледи. Россия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун динамикалуу өнүгүшүн белгиледи.

Алексей Оверчук ЕАЭБдин алкагында эки өлкөнүн жигердүү өз ара аракеттешүүсүнө көңүл буруп, коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүү боюнча тиешелүү ведомстволордун биргелешкен иштерин, ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун натыйжалуу ишмердигин белгиледи.

Мындан сырткары, Россия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары коронавирус инфекциясынын жаңы тибине каршы россиялык вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү маселеси артыкчылыктуу тартипте карала тургандыгын кошумчалады.

Тараптар эки жактын тең кызыкчылыгын көздөгөн багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12