Президент менен өкмөт башчы карантиндик чараларды алуу жана аба каттамдарын ачуу маселелерин талкуулашты
Сооронбай Жээнбеков жана Кубатбек Боронов. Онлайн кеңешме. 24-август, 2020-жыл.
24-августта Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде алар өлкөдөгү эпидемиологиялык, социалдык-экономикалык абал, чек аралардын ачылышы, күз-кыш мезгилине жана жаңы окуу жылына даярдык боюнча маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы карантиндик чараларды бара-бара алуу боюнча даярдык, чет мамлекеттер менен транспорттук байланыштарды паритеттик негизде жандандыруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү туурасында айтып берди. Боронов аэропорттор жүргүнчүлөрдү санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен тейлөөгө даяр экенин, тийиштүү алгоритмдер иштелип чыкканын билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков чек араларды ачууда чет өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алыш керек экенин, айрым мамлекеттерде пандемия токтобой жатканын эске салды. Мамлекет башчы өлкө аймагында эпидемиологиялык кырдаал оңоло түшкөнүнө карабастан өкмөт жарандарга санитардык ченемдерди сактоо тууралуу маалымат берүүнү улантышы зарыл экенин айтты.
Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 23-августка карата акыркы суткада Ош облусунда COVID-19 илдетин жугузган бир адам көз жумду. Жалпысынан оорудан көз жумгандар 1056 адамга жетти. Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузгандардын жалпы саны 43 023 адамга жетип, анын ичинен 36 397 киши айыкты.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам 18-мартта катталган. Министрлик 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12