
Франция менен АКШ ИМ тобуна сокку урат

Франция менен АКШ “Ислам мамлекети” террористтик уюмуна биргелешкен сокку урууга даярданууда.
France Info радиосуна 20-июлда француз ѳкмѳтүнүн ѳкүлү Сефан Ле Фоль айтып бергендей, чабуул Ирактагы Мосул шаарына жасалат. Бул калаа ИМдин негизги конуштарынын бири деп эсептелет дейт Deutsche Welle.
Ле Фолдун айтымында, Франциянын коргоо министри Жан-Ив Ле Дрнан учурда АКШда биргелешкен кол салуу боюнча сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүүдѳ. Шейшембиде Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Эйро Вашингтондо ИМге каршы согушуп жаткан коалициянын ѳкүлдѳрү чогулат деп билдирген эле.
Ишембиде, 16-июлда, “Ислам мамлекети” Ниццада болгон теракт үчүн жоопкерчиликти ѳзүнѳ алды. Интернетте террористтер тууралуу маалыматтарга байкоо салып турган эл аралык SITE уюмунун маалыматы боюнча исламисттер чабуулду алардын “жоокерлеринин” бири жасады деп билдирип чыгышты. Теракт ИМге каршы согушуп жаткан коалицияга кирген ѳлкѳлѳрдүн бирине кол салууга чакырык айтылгандан кийин жасалганы кабарланууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04