KELECHEK
rek

Исмаилова: Пневмонияны COVID-19 деп эсептөө тууралуу буйрук чыкты

Исмаилова: Пневмонияны COVID-19 деп эсептөө тууралуу буйрук чыкты

Аида Исмаилова.

Кыргызстанда өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандарды да каттоого коронавирус деп алуу тууралуу буйрук чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу тууралуу 16-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн брифингде маалымдады:

“Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 боюнча улуттук клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясын бекитти. Аны эксперттер тобу иштеп чыккан. Бул колдонмо бейтаптарды коронавирустан, анын ичинде пневмониядан стационардык жана амбулатордук шартта дарылоо алгоритминен турат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда кабыл алынган Оорулардын эл аралык классификациясына ылайык, 07 классы өзгөчө кырдаал шартында колдонулат. COVID-19 лабораториялык жол менен тастыкталган U07.1 кодуна жана лабораториялык жол менен тастыкталбаган, бирок белгилери байкалган, рентгенден көрүнгөн U07.2 кодуна карайт деп бекитилген. Коронавирустук инфекцияны дарылоодо бирдиктүү ыкманы колдонуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги буйрук чыгарды. Ал буйрукка ылайык, пневмония U07.2 кодуна карайт. Ошентип, пневмония боюнча статистика COVID-19 деп эсептелет”.

Март айынан бери Кыргызстандын ооруканаларында, расмий эсеп боюнча, пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам кайтыш болду. Клиникаларда орун жок болгондуктан көбү үйүнөн дарыланып, каза болуп жатышканы тууралуу кабарлар социалдык түйүндөргө жарыяланууда.

Буга чейин бир топ адистер өлкөдө өпкөсүнөн кагынып ооруган, бирок анализинен коронавирус табылбаган бейтаптардын баарын COVID-19 катары дарылоо керектигин айтып чыгышкан.

“Илимий-консультациялык комитет” бирикмеси Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга кайрылып, коронавирус менен пневмонияны өз-өзүнчө эмес, чогуу кароого чакырган. Коронавирустун статистикасында кош стандартуулук болуп жатканы, дарылоонун ийгилиги диагноздун туура коюлушунан гана көз каранды экенин белгилеген. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38