KELECHEK
rek

Министрлик: Хижамага уруксат берилген эмес, анын оор кесепети кийин билинет

Министрлик: Хижамага уруксат берилген эмес, анын оор кесепети кийин билинет

Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарды хижама ыкмасын колдонуудан оолак болууга чакырды.

16-июлда министрликтин өкүлү Айнура Акматова онлайн брифингде социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видео боюнча маалымат берип, "медицина кызматкерлери да мындай ыкманы колдойт" деген маалымат чындыкка дал келбесин айтты:

"Хижама медицина ыкмасы катары лицензияланган эмес. Пневмониядан болобу, коронавирустан болобу, дарылоо үчүн тастыкталган ыкмалардын катарына эч кирбейт. Клиникалык протоколдордо да бекитилген эмес. “Хижама абдан эффективдүү дарылоо ыкмасы” деген ойдон алыс болуп, ошентип айткан адамдарга барбаңыздар деп суранабыз! Андай ыкма менен кан аркылуу коронавирус, пневмония гана эмес, вирустук гепатит жана СПИД оорулары да жугушу мүмкүн. Алар “Беш-жети күндө дененин ысышы токтойт” деп жатышат. Бирок адамдын организминде ансыз деле 5-8 күндө өзүнүн иммунитети күрөшүп, температурасы түшүп баштайт".

Ошону менен катар Акматова хижама жасаткандарга кан аркылуу жуккан илдеттер бир-эки күн эмес, эки-үч айдан кийин билине башташы мүмкүн экенин кошумчалады.

Соңку бир нече күндөн бери интернетте коронавирустан өпкөсү кагынгандарга “кан чыгарып, хижама жасатуу даба экени” тууралуу видео тарап жатат.

Март айынан бери Кыргызстанда ооруканаларда пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам каза болду. Оору жуккандардын 7,5 миңдейи айыгып чыкты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38