KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарындагы “Акбермет” балдар үйүнө “Билайн” компаниясы жардам көрсөттү

Жалал-Абад шаарындагы “Акбермет” балдар үйүнө “Билайн” компаниясы жардам көрсөттү

Жалал-Абад шаарындагы “Акбермет” балдар үйүнө “Билайн” компаниясы тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган балдар үйүнүн жетекчиси Алима Ташбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, балдар үйүндө бүгүнкү күндө турмушта түрдүү себептер менен кароосуз калган сегиз бала тарбияланып келүүдө. Бул жерде балдар он сегиз жашка чейин тарбияланат.

“Билайн компаниясы биздин балдар үйүнө  2009-жылдан бери балдарга керектүү болгон түрдүү материалдык жардамдарды берип келишет. Көрсөтүлгөн жардамдар үчүн компанияга рахматыбызды айтып, мындан ары да иштерине ийгиликтерди каалайбыз, -дейт А.Ташбаева.

“Билайн” компаниясынын түштүк региону боюнча маркетинг жана реклама боюнча башкы адиси Гулчехра Ишанованын айтымында, компания бүгүнкү күнгө чейин өлкөдөгү балдар үйүнө болгон жардамдарын  көрсөтүп келет. 

“Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы “Акбермет” балдар үйүнө материалдык жардамыбызды көрсөтүп жатабыз.  Негизинен алгач балдар үйүнө жардам көрсөтүү алдында алардын кандай кемчиликтери бар экенин сурап, ошол керектелүүчү буюмдарды алып берүүгө аракеттенебиз. Биз “Акбермет” балдар үйүнө 20 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүп жатабыз”,- дейт Г.Ишанова.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18