KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы медициналык бет кап чыгарган өндүрүштүн иши менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы медициналык бет кап чыгарган өндүрүштүн иши  менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда, Чүй облусунун Чүй районундагы «Текстиль транс» ЖЧКсы  текстиль фабрикасынын ишмердиги менен таанышты.

Ишкананын негиздөөчүсү Алмазбек Абдраев пандемия учурунда жумуш орундарын сактап калуу максатында жарандык демилге көтөрүлүп, ишкана тез аранын ичинде медициналык максатта колдонула турган жеке коргонуу шаймандарын өндүрүүгө өткөнүн маалымдады.

Тактап айтканда, медициналык бет каптардын үч түрүн: беш катмарлуу KN 95 респиратор бет кабы, KN 95 клапаны менен беш катмарлуу респиратор бет кабы жана үч катмарлуу медициналык бет каптарды өндүрүү үчүн шаймандар сатылып алынган.

Фабрика түрүнө жараша, күнүнө 100 миң даанага чейин бет кап чыгара алат.

Учурда линияларды ишке киргизүү үчүн бардыгы даяр. Бирок Алмазбек Абдраевдин айтымында, тиешелүү мамлекеттик органдардан продукцияны өндүрүү үчүн сертификаттарды алууда маселе жаралууда.

Мындан тышкары, медициналык бет каптарды өндүрүүгө керектүү чийки заттарды алып келүүдө чек арада көйгөйлөр бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков учурдагы түзүлгөн кырдаалда бул ишкананын социалдык багытта иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Коронавирус инфекциясы жайылып жатканда бул ооруга каршы күрөшүүдө өз салымдарын кошуп жаткан ишкерлердин ролу чоң экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ата мекендик жеңил өнөр жай жана фармацевтика тармагы медициналык мекемелердин жана коомчулуктун жеке коргонуучу шаймандарга жана медициналык каражаттарга болгон талабын канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин белгиледи.

Мындай демилгелер азыркы шартта ар тараптуу колдоого татыктуу.

Ушуга байланыштуу, Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык каражаттарды толук кандуу чыгарууга тоскоол болгон маселелерди чечүү Өкмөткө сунушталат деп ишендирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38