KELECHEK
rek

Асрандиев: COVID-19га каршы колдонулган алгачкы ыкма өзүн актаган жок

Асрандиев: COVID-19га каршы колдонулган алгачкы ыкма өзүн актаган жок

Коронавирус жуктурган пациентти дарылап жаткан медицина кызматерлери. Бишкек шаары. Июнь, 2020-жыл.

Вице-премьер Асрандиев коронавируска каршы колдонулган ыкма өзүн актабаганын айтты. Кыргыз өкмөтү жазында коронавирусту жайылтпоо максатында Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү колдонгон катуу көзөмөл кылуу аркылуу абалды жөнгө салуу тактикасын тандаган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев “Азаттыктын” талкуусуна катышып жатып билдирди.

Анын айтымында, февраль-март айларында коронавируска каршы Республикалык штаб карантин киргизип, катаал чаралардын негизинде вирусту ооздуктоо максатын көздөгөн:

“Балким айрымдар карантинди мындан ары да кармап турса туура болмок деп айтышы мүмкүн. Бирок апрелдин экинчи жарымынан баштап эле абдан көп нааразычылыктар болуп, эл укпай бараткан. Сөздүн ачыгы майдан ары элди кармаш мүмкүн эмес болуп калган”-деди.

Асрандиевдин сөзүнө караганда, учурдагы абал аталган тактика ишке ашпай калганын далилдеди. Вице-премьер учурда тактиканы өзгөртүп, өтө оор жана оор бейтаптарды дарылоого өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин билдирди. Ал коронавирусту жуктуруп алгандардын саны расмий статистикадан 10 эсеге чейин көп болушу мүмкүн экенин да белгиледи.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч адам 18-мартта аныкталган. 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланган. 25-марттан тартып оору көп катталган айрым аймактарда өзгөчө абал жарыяланган. 10-майдан баштап өзгөчө абал алынып, чектөөлөрдүн кыйласы жоюлган.

Июнь, июль айларында өлкөдө коронавирус жуктургандардын, вирустан жана пневмониядан каза болгон адамдардын саны өстү. 15-июлга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 439 адам жаңы катталды. Акыркы суткада COVID-19 илдетин жуктурган 11 киши, пневмониядан 74 адам каза болду. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38