KELECHEK
rek

Сутка ичинде пневмониядан 40, коронавирустан алты адам кайтыш болду

Сутка ичинде пневмониядан 40, коронавирустан алты адам кайтыш болду

Бир сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан алты, пневмониядан 40 бейтап каза болду. Бул тууралуу 10-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Коронавирустан көз жумгандар: Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 90 жаштагы эркек, Жайыл аймактык ооруканасында 70 жана 69 жаштагы эки аял, Жалал-Абад облустук ооруканасында 49 жана 53 жаштагы эки эркек жана Нарын облустук ооруканасында 61 жаштагы бир аял бейтап.

Пневмония болгон 40 адамдын 26сы Бишкекте, калгандары аймактарда.

Бир сутка ичинде коронавирус деген диагноз дагы 511 адамга коюлду, дарыланып жаткан 81 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.

Коронавирус жалпысынан 9358 адамдан табылды, алардын ичинен 122 бейтап кайтыш болду, 3134 бейтап айыгып кетти.

Пневмония менен март айынан бери 3829 адам ооруканага жаткырылганы 9-июлда айтылган. 10-июлда бул тууралуу жаңы маалымат берилген жок. Бул илдеттен каза болгондордун саны коронавирус эпидемиясы башталгандан бери 350 адамга жетти.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38