
Саламаттык сактоо министри жана анын орун басары дарыланып жатышат

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов дарыланып, үйүндө болууда. 9-июлда министрликтин бөлүм башчысы Айнура Акматова министрдин жана анын орун басарынын абалы канааттандырарлык экенин айтты, бирок кайсы орун басары экенин тактаган жок.
Акматова “Алар коронавирус жуктуруп алганбы?” деген суроого да так жооп берген жок, болгону анализдин жыйынтыгын күтүп жатышканын айтты:
“Оорусу боюнча “Эмгекке жарамсыздык баракчасынын” негизинде дарыланып жатышат. Анализи чыкканда дагы маалымат берилет”.
Саламаттык сактоо министринин эки орун басары бар. Буга чейин социалдык түйүндөрдө алардын бири Нурболот Үсөнбаев вирус жуктуруп алганы жөнүндө маалымат тараган.
Өкмөт дарыгерлердин шайы оогонун, жаңы резерв топтоо керектигин айткан, министрликтин аппаратында көп кызматкерлер ооруп жатканы кабарланган.
Кыргызстанда коронавирус жалпысынан 8847 адамдан табылды, алардын ичинен 116 бейтап кайтыш болду, 3053 бейтап айыгып кетти.
Пневмония менен март айынан бери 3829 адам ооруканага жаткырылды, алардын ичинен каза болгондордун саны 310 адамга жетти.
Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38