Алматыдагы өлүкканада кезек күткөндөр көп болууда
Алматы шаарындагы моргдун алдында COVID-19дан каза болгон жакындарынын сөөгүн алып кетүүгө келгендердин узун кезеги пайда болду. Адамдардын көптүгүнөн өлүккана жумуш күнү аяктагандан кийин да ишин улантууда.
Ушу тапта соцтармактарда Алматыдагы моргдон коронавирустан кайтыш болгон жакындарынын сөөгүн алып кетүү үчүн сааттап кезек күтүп турган кишилердин видеолору тарап жатат.
Жарандардын айтымында, узун кезектин пайда болушуна адамдын өлгөндүгү тууралуу маалымкат алуу процедурасынын узактыгы жана ооруканаларда өлүмдүн көп болуп жаткандыгы себеп болууда.
Азырынча моргдун өкүлдөрү имарат алдындагы бул көрүнүштөр боюнча комментарий бере элек.
Алматы шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы өлүккана алдындагы узун кезекти бир сөөктү алууга көп киши келип жаткандыгы менен түшүндүрдү.
«Айрым учурларда бир сөөктү алуу үчүн экиден онго чейин киши келип жатат. Каза болгондордун сөөктөрү 12 сааттын ичинде берилет. Бул жерге адамдын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн алып келишет. Ошондуктан кошумча убакыт талап кылынууда», — деди башкармалыктын өкүлү.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирустан 264 бейтап каза болду. Пневмониядан өткөн айда эле 628 киши көз жумган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04