KELECHEK
rek

Талас облусу эки жумага жабылды

Талас облусу эки жумага жабылды

Талас облусу эки жумага жабылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна облустун жетекчиси Марат Мураталиев билдирди. Ал мындай чечим медициналык алгоритмдин негизинде кабыл алынганын айтты.

Мураталиевдин айтымында, эки апта бою «Талды-Булак» бекетинен Таласта каттоосу барлар гана өтө алат, каттоосу жоктор киргизилбейт.

«Ошол жерде Мамкаттоо кызматынын өкүлдөрү отурат. ID карталар текшерилет. Атайын журнал ачылган. Биздин тургундар болсо киргизебиз. «Эки жума ичинде эл каттабай турса туура болот эле» деп дарыгерлер айтып жатышат. Эл түшүнүү менен кабыл алып жатат».

Облус жетекчилиги мындай чечимин коронавирустун жайылышынын алдын алуу максаты менен түшүндүрүүдө.

Мураталиев «Талды-Булак» бекетинде Мамкаттоо кызматкерлеринен тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, милициянын өкүлдөрү жана санитардык адистер иштеп жатканын айтты. Ал облус аймагына киргендердин температурасы текшерилип, ооруп жаткандар дароо күндүзгү стационарга жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Ошону менен катар эки жумага мал базарлар, Бишкек-Талас автокаттамы жабылды, футбол аянтчаларынын иши токтотулду.

Облуста 570 орунга күндүзгү стационар ачылды.

Мураталиев аймакта эпидемиологиялык абал туруктуу экенин билдирди.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда март айында башталган. Талас облусунда алгачкы бейтап дээрлик үч айдан кийин, 10-июнда гана катталган. Облус жетекчиси аймакка кирип-чыгууну чектөө жагынан мурун да чара көргөн болчу.

9-июлга карата коронавирус Кыргызстанда 8847 адамдан табылды, алардын 83ү Таласта. Облуста бул илдеттен эки адам каза болгон.

Буга чейин айрым чектөөлөр башка аймактарда да киргизилген. Мисалы, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жума намазга убактылуу тыюу салынган.

6-июлда президент Сооронбай Жээнбеков азырынча жалпы өлкөдө өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси карала элек экенин айткан.

Президент жер-жерлердеги жетекчилер киргизген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү бардык жарандар жана ишкерлер милдеттүү түрдө аткарышы керек экенин эскерткен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41