АКШ ДССУдан чыга тургандыгы жөнүндө БУУга расмий кабар берди
АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан (ДССУ) чыга тургандыгы жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) расмий кабар берди.
Вашингтон 6-июлда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке бул уюмдан бир жылдан кийин чыгарын билдирди.
Кошмо Штаттар - ДССУдагы ири донорлордун бири. Уюмдун бюджетинин 15% жакынын АКШ берет. Президент Дональд Трамп буга чейин ДССУну «Кытайдагы жаңы коронавирустун жайылышы тууралуу так маалыматтарга көңүл бурган эмес, өтө жай аракеттенген жана Бээжиндин кысымына алдырган» деп айыптап чыккан.
Пандемия дүйнөлүк экономиканын ылдыйлашына, жумушсуздуктун көбөйүшүнө алып келди. Бул көрүнүш ноябрда экинчи жолу кайра шайланууга умтулуп жаткан президент Трамптын саясий келечегине сокку урушу мүмкүн.
Трамптын Америкадагы эпидемияны ооздуктоого байланышкан аракеттерин анын саясий оппоненттери сындап жүрүшөт. Сындагандар Трамп өз күнөөсүн ДССУга оодарууну көздөп жатканын айтып жатышат.
АКШ - COVID-19дан катуу жабыркаган мамлекеттердин бири. Акыркы маалымат боюнча, өлкөдө коронавируска чалдыккан 3 097 084 учур катталды. Вирус 133 972 кишинин өмүрүн алды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52