19 жаштагы жаран “Хизбут-Тахрир” уюмунан баш тартып видео кайрылуу жасады
Үстүбүздөгү жылдын 30-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан облус аймагында “Нелегал” операциясы өткөрүлдү. Бул операциянын алкагында экстремизм багытында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иштер жүргүзүлүп, буга чейин ачылган сотко чейинки өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди.
Окуянын чоо-жайы:
2020-жылдын июнь айынын башында Базар-Коргон районунун “И” аттуу тургуну социалдык тармакта элдерге “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган. Аталган факты Базар-Коргон РИИБнүн КЖБРне КР Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун 2001-ж.т. тургуну Д.И.элдерге “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп жаткандыгы аныкталып, анын “Инстаграм” социалдык баракчасынан алынган буюм далилдерге диний-теологиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган буюмдар КР аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымына таандык экендиги аныкталган.
Шектүү Д.И.жасаган кылмыш ишине өкүнүп жаткандыгын ачыктап видео кайрылуу жасаган. Ал “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик агымынын идеологиясы туура эместигин, мындан ары мындай материалдарды таратпай тургандыгын билдирген.
Бул факты милиция тарабынан толук тергелип бүтүп, “Нелегал” операциясынын алкагында Базар-Коргон райондук сотунун кароосуна бүгүн жөнөтүлдү.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13