KELECHEK
rek

Тажикстанда адамды кыйногоо шектелип үч милиционер кармалды

Тажикстанда адамды кыйногоо шектелип үч милиционер кармалды

Фархор районунда абакта отурган кишини кыйнаган деген шек менен үч милиционер кармалды. Хатлон облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Сухроб Саломов билдиргендей, милиционерлер тергөө абагына киргизилип, алардын кылмыш иши сотко жөнөтүлөт.

Саломов журналисттерге айтып бергендей, милиция кызматкерлеринин мындай татыксыз мамилеси элдин ичинде укук коргоо органдарынын беделин түшүрөт. Ал «жакын арада үч милиционердин «ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши сотко жиберилет» деп кошумчалады.

Фархор районунун ички иштер бөлүмүнүн өкүлү жергиликтүү тургундун сабалышы боюнча жооп берип жатып бул окуя төрт ай мурун болгонун кабарлады. Бирок милиция кызматкерлерине карата эми гана чара көрүлүүдө. 37 жашар Парвиз Хабибов аларга карата арыз жазып, үч милиционер - Файз Саидов, Мехроб Давлатов жана А. Акрамжони кармалган.

Сабалган Парвиз Хабибовдун энеси Гүлби Хабибова окуянын чоо-жайын айтып берди: «Балам аялы менен урушуп кетип, аны милицияга алып кетишкен. Бөйрөктөрүн сындырып салышыптыр. Аны сабашкандан кийин Дүйшөмбүдө дарыланган. Окуянын баары жазылып калган», - деди ал. Хабибова белгилегендей, анын уулу учурда башка дарты менен ооруканада жатат. Бирок милиционерлер сабагандыгы үчүн жазасын алуусун каалайт.

Хатлон облустук ички иштер башкармалыгы быйылкы жылдын алты ай ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери 188 ирет эреже бузгандыгын билдирүүдө. Бул убакытта 6 милиция офицери 7 кылмышка шектелип, жоопкерчиликке тартылган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53