KELECHEK
rek

Кылмыш ишке байланыштуу эки жыл токтоп турган германиялык 15 "Тез жардам" автоунаасы ишке кирди

Кылмыш ишке байланыштуу эки жыл токтоп турган германиялык 15

Германия өкмөтү берген "Тез жардам" автомашиналары. 29.06.2020

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине козголгон кылмыш ишине байланыштуу иштетилбей турган 15 “Тез жардам” автомашинасы Бишкектин Чукул медицина борборуна өткөрүлүп берилди.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2018-жылдан бери пайдаланылбай турган автоунаалар борбор калаада “Тез жардам” жетишпей жатканына байланыштуу чыгарылды. Кылмыш иши боюнча тергөө улана бермей болду.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбековдун айтымында Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, документтериндеги туура эместиктерге байланыштуу 15 автоунаа 2018-жылдан бери пайдаланылбай турган.

Бул маселе укук коргоо орган өкүлдөрү менен макулдашылды. Бул иш боюнча иликтөө параллелдүү түрдө улантыла бермекчи”, - деди Батырбеков.

Машиналар техникалык текшерүүдөн өтүп, жарактуу деп табылды.

Реанимациялык автоунаалар өпкөнү жасалма иштетүү аппараттары жана башка жабдык менен жабдылган.

Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен достукту чыңдоо программасынын алкагында 15 "Тез жардам" унаасын акысыз берүүнү чечкен. Тендер жарыяланып, Нидерланд өлкөсүнүн Dutch Health компаниясы 2017-жылдын жай айында машинелерди Кыргызстанга алып келмек. Ар түрдүү себептерден улам автоунаалар кечигип, декабрь айында гана Бишкекке келген. Бирок алардын бардыгында кемчилик болгону үчүн колдонулбай турганы айтылган.

Мындан тышкары Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет мобилдик бригадалар үчүн беш автоунаа бөлүп берди.

26-июнда Чукул медицина борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов “Азаттыкка” билдиргендей, шаардын калкы 1 миллион 48 миң адам, аларды 38 “Тез жардам” бригадасы тейлейт. Норма боюнча 10 миң кишиге бир бригада болушу керек деген талапты эске алганда Бишкекте кеминде 100 машина болушу шарт. 

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38