KELECHEK
rek

Премьер-министр элди дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуу болууга чакырды

Премьер-министр элди дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуу болууга чакырды

COVID-19 вирусун аныктоочу лабораториянын кызматкери. Бишкек. Июнь, 2020-жыл.

Премьер-министр Кубатбек Боронов акыркы убактарда коронавируска чалдыккан адамдар көп болуп жатканын белгилеп, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Өкмөт башчы бул тууралуу 28-июнда коронавируска каршы ыкчам штабдын жыйынында айтты:

«Жакында эле көпчүлүк жарандарыбыз вирус жок деген жалган маалыматка ишенип, адамдар көп жыйналган жерлерге барып жүрүштү. Бул бүгүнкү абалга алып келди. Бирок азыр дагы адистердин сөзүн угуп, муктаждык болбосо үйдөн чыкпай турууга кеч эмес. Бул айрыкча жашы улгайган, тобокелдик жогору зонадагы жарандарга тийиштүү. Эң башкысы – дүрбөлөңгө түшпөө керек. Дүрбөлөңгө түшүү коркуу сезимин жаратып, натыйжада баш-аламандыкка алып келет. Ошондуктан жарандарыбызды сабырдуулукка жана чыдамкайлыкка чакырам”, - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр мындан тышкары эл көп чогулган жерлерди текшерүүнү тапшырды. Кафе-ресторандарда, базарларда, коомдук автоунааларда санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү милдеттендирди.

Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен өпкөсү кагынган (пневмония) бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалды.

Өкмөттүк аппараттын маалыматына ылайык, Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө кошумча 150, «Манас» аэропортунун аймагындагы обсервациялык жайга дагы 200 керебет жайгаштырылды. Булардын баары өпкөсү кагынган (пневмония) жарандарды кабыл ала баштаганы айтылды.

Маалыматка караганда, бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык бригадалар түзүлдү. Бөлүмдөр зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдылды. 57 кычкылтек концентраторлору ооруканаларга таратылды.

Мындан тышкары Бишкектеги №1 шаардык ооруканада өпкөсү сезгенгендер үчүн кошумча 120 керебет коюлду. Буга чейин Улуттук фтизиатрия борборунун базасында, Темир жол ооруканасында, Улуттук хирургия борборунда, Улуттук госпиталда, Курортология институтунда, №1 шаардык клиникалык ооруканасында 400дөн ашык орун камдалганы маалымдалган.

Республикалык штаб COVID-19 инфекциясына чалдыккан бейтаптарды өзүнчө дарылоо үчүн башка ооруканалар даярдалганы, бейтаптар үчүн орун жетиштүү экенин кабарлоодо.

Ал эми соцтармактарда коронавирустун белгилери байкалып, ооруп жаткандардын 103, 118 кызматтарына жана ооруканалардын кабылдамаларына нааразылыктары күч алды. 24-июнда Бишкекте 50 жаштагы бейтаптын жакындары ал бир да оорукана албай койгондуктан, оорукананын оозунда каза болгонун билдиришкен.

Акыркы суткадагы маалымат боюнча 269 адамдан коронавирус жаңы катталды, үч бейтап каза болду.

Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5017 адамдан табылды, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294 бейтап айыгып кетти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13