KELECHEK
rek

Ош мэриясы: «Алай» футбол клубунун оюнчуларына маяна берилди

Ош мэриясы: «Алай» футбол клубунун оюнчуларына маяна берилди

«Алай» футбол клубунун оюнчулары. 15-сентябрь, 2019-жыл.

Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун оюнчуларына айлык берилип, футболчулар машыгууларына чыга башташты. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттыкка» билдирди.

«Бүгүнкү күндө футболчулардын айлыгы толук төлөнүп берилди жана мындан ары да өз убагында берилип турат. Андан сырткары, футболчулар жашаган жерге шарт түзүлөт. Ал эми жетекчилик маселеси комиссия иликтеп чыккандан кийин чечилет», - деди Азамат Абсаттаров.

Буга чейин «Алай» футбол клубунун оюнчулары эки айдан бери айлык албай жатканын жана клубдун жетекчилигинин ишине нааразы экенин айтып, Ош шаардык мэриясынын алдына чогулушкан. Футболчулар оюнчуларга шарт түзүп берүүнү, клубдун жетекчилигин иштен алууну суранып, Ош шаарынын мэрине кайрылышкан. Оюнчулар маянасын толук алмайынча машыгууга чыкпай турганын билдиришкен.

«Алай» футбол клубу - Кыргызстандын төрт жолку чемпиону жана Кыргыз премьер-лигасындагы алдыңкы клубдардын бири. Клуб Ош мэриясынын карамагында. Ага шаардык бюджеттен жыл сайын 19 миллион 500 миң сом бөлүнүп келген. Мэрия пандемия учурунда клубдун бюджети кыскартылбаганын билдирген.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган. Бул учур Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган Кыргыз премьер-лигасынын 1-турунун оюндары жаңыдан гана башталган мезгилге туш келген. Дээрлик үч айдай тыныгуудан кийин гана футбол клубдары 8-июндан тартып окуу-машыгууга уруксат алышты. Чемпионаттын оюндары качан жанданары азырынча белгисиз. 

"Азаттык"  үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20