Коронавирус: 118 ыкчам номуру күнү-түнү иштөө тартибине өттү
Бактыгүл Исмаилова.
Коронавирус маселеси боюнча жарандарга кеңеш берүүчү 118 ыкчам телефон номуру күнү-түнү иштөө тартибине өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Саламаттык сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди:
"Июнда коронавирус маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу кескин көбөйдү. 21-июнда Республикалык штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү. 118 ыкчам номуруна туташкан 14 линияда адистер 24 саат бою кеңеш берүүдө".
Исмаилова бир телефон чалууга кеңеш берүү 15-20 мүнөткө чейин созуларын кошумчалады.
Буга чейин аталган номур эртең мененки саат сегизден кечки жетиге чейин иштеген. Айрымдар бул номурдагы адистер менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтып нааразы болушкан. Өкмөт башчы 21-июнда бул кызматка кошумча адистерди алуу керектигин билдирген.
"Азаттык" үналгысы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38