KELECHEK
rek

Москвадагы Жеңиш парадына бир нече өлкөнүн лидерлери барбайт

Москвадагы Жеңиш парадына бир нече өлкөнүн лидерлери барбайт

Түркмөнстандын, Азербайжандын президенттери жана Армениянын өкмөт башчысы Москвада Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга барбай тургандыгын билдиришти.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов муну жакында боло турган туулган күнү менен түшүндүрдү. Түркмөнстанда 63 жаш Мухаммед пайгамбардын жашы деп саналып, бул күн жакындарынын айланасында белгиленет. Бердымухамедов Москвага барса, келгенден кийин карантин шартын сактоого мажбур болорун белгилеген. “Азаттыктын” түркмөн кызматы президент Бердымухамедов жана өкмөт мүчөлөрү азыркыга чейин коронавирустан сактанбай жүрүшкөнүн жазды.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян парадга катышпасын 19-июнда билдирди. Ал муну өлкөдө коронавирус пандемиясынан улам оор абал түзүлгөнү менен байланыштырды.

Пашинян Путинге жазган катында: «Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал мага Москвага визит кылууга жол бербейт” деп айтылат.

18-июнда Азербайжандын президенти Илхам Алиев да парадга катышпасын кабарлаган. Анын алдында Орусиядагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Чехиянын президенти Милош Земан парадга катышуудан баш тарткан.

Кыргызстандын, Беларустун, Казакстандын, Молдованын, Сербиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери парадга катышарын тастыкташкан.

Жеңиштин 75 жылдыгына карата парад Москвада 24-июнда өтөт. 11-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров парадга 12 мамлекеттин башчылары келерин билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52