Ошто студенттер шаарчасындагы көпүрөнүн курулуш иштери кызуу жүрүп жатат
Кечээ, 18-июль күнү шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Курманжан Датка жана Туран аймактык кеңештерин бириктирүүчү көпүрөнүн курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, А.Кадырбаев көпүрөнүн курулушу бүтсө тургундарга ыңгайлуу шарт түзүлөөрүн айтып, курулуштун жанындагы жаңыдан алмаштырылып жаткан, диаметри 1000 мм болгон таза суу түтүгүн көрүп кайтты.
“Жолдун жалпы узундугу 0,5 км, ал эми көпүрөнүн узундугу 36, туурасы 22 метрди түзөт. Тендердик баасы 43,6 млн сомго бааланган. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Эң негизгиси сапаты жана ыңгайлуулугу .Бир күнгө шаардыктарга таза суу берүүнү токтотуп турдук, таза суу кеткен түтүктү жаңысына алмаштырып, 2 метрге ылдыйлаттык. Бул иш аракеттин баары көпүрөнүн курулушуна тоскоолдуктар жаралбаш үчүн жасалып жатат”,-деп билдирди А.Кадырбаев.
Шаар башчысы тиешелүү жетекчилерге, куруучуларга эң башкысы курулуштун сапатына маани берүүнү айтып, айрым бир каттуу талаптарды койду.
Белгилей кетсек, Курманжан Датка жана Туран аймактык кеңештерин бириктирүүчү көпүрөнүн курулуш иштерине байланыштуу таза суу берүү бир күнгө токтотулган. Анткени көпүрөнүн алдынан өтүүчү 120 метрдик таза суу түтүгүн жаңысына алматырылып, 2 метрге ылдыйлатылды.
Азыркы тапта, 30дан ашуун көпүрө куруу боюнча атайын адистер, 20га жакын техника өз ишин жүргүзүп, көпүрөгө чейинки жолдорду тегиздөө иштери алып барылууда.
Айта кетсек, бул көпүрө Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш иштеринен үнөмдөлгөн акча каражатынын негизинде курулуп баштады. Курулуш иштери ОсОО “Сутранспромжилстрой” компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Жалпы сметалык баасы 73,0 млн сомду, ал эми тендердик баасы 43,6 млн сомду түзөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38