Ош: «Жаштык» лагеринде мыйзамсыз жашап жаткан 11 үй-бүлө көчүрүлдү (ФОТО)
Кечээ, 19-июль күнү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн берилген тапшырмасына ылайык, 2010-жылдан бери “Жаштык” балдар лагеринде мыйзамсыз жашап жаткан 11 үй-бүлө башка жакка көчүрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, ар бир үй-бүлөгө жер бөлүнүп, убактылуу жашап турганга шарттар түзүлүп берилди. Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабировдун айтымында, “Жаштык” балдар лагеринде жашап жаткан жарандарга бир ай мурун көчүп кетүү боюнча кат берилген.
“Бүгүн биз өкмөттүн тапшырмасы менен келип мыйзамдаштыруу багытын көздөп жарандарды көчүрүп жатабыз. Бул жарандарыбызга жер бөлүп берүү үчүн Ош шаардык мэриясынан атайын комиссия түзүлүп, текшерип жатат. Эгерде бул жарандардын башка жакта жашай турган үйлөрү болбосо, ар бир үй-бүлөгө 5 сотиктен жер бөлүп берүү пландалууда”,- деди Ш.Сабиров.
“Жаштык” лагеринен көчүрүлгөн 11 үй-бүлөгө, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Курманжан Датка-2 аймактык кеңешинен караштуу “Алай-1” массивине убактылуу жашап турууга 11 чатыр тургузулуп берилди.
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу департаментинин директору Алтынбек Пирматовдун айтымында, 6 жылдан бери шаардагы балдар “Жаштык” лагерине келип эс алууга мүмкүнчүлүк албай келишкен. Ошондой эле, лагерде мыйзамсыз жашап жаткан жарандарга көчүрүлүп келген Курманжан Датка-2 аймактык кеңешинен караштуу “Алай-1” массивинен үй куруп алууга жер бөлүнөрүн кошумчалады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13