
Штаб: COVID-19 аныкталып, бирок оорусу байкалбагандар үйүндө обочолонот

Коронавирус илдетине чалдыгып, бирок оорунун белгилери байкалбаган бейтаптар үйүндө обочолонот. Бул тууралуу республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду.
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо системасынын жүгүн жеңилдетүү үчүн иштөө алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.
Ага ылайык, вирус жуктуруп алган адамдын клиникалык белгилери байкалса гана дарылануу үчүн ооруканага жаткырылат. Ошол эле учурда мобилдик топтор коронавирустун жайылышынын алдын-алуу үчүн үйдө обочолонгон бейтаптарды көзөмөлдөйт.
Республикалык штабдын жетекчисинин орун басары, президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев саламаттык сактоо тутумуна жаңы алгоритмдерди киргизүү керек экенин белгиледи.
«Жарандар COVID-19ду коомдук транспорттон, базарлардан жана соода түйүндөрүнөн жуктуруп алууда. Акыркы эки күндө илдетти жугузгандар көбөйүп жатканы байкалды. Илдеттин белгилери байкалбаган бейтаптар менен иштөөнүн жаңы алгоритмдерин киргизүүдө алардын жүргөн жерин аныктоо үчүн мобилдик тиркемени сөзсүз түрдө жүктөө жана белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо, үйдө обочолонуу шарттарын бузбоо, бекитилген коопсуздук эрежелерин бузууга жол берилбестиги жөнүндө тил кат алуу керек», - деди Кененбаев.
Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ири базарлардын иш графигин өзгөртүү, коомдук транспортко текшерүүчүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар талкууланды.
Коомдук тамактануучу жайларда кальян чегүүгө тыюу салуу үчүн көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. Кафелер менен ресторандар тыюу салынган массалык иш-чараларды өткөрсө, бир айга жабылат.
16-июнда Кыргызстанда коронавирус 100 адамдан жаңы аныкталды. Бул өлкөдө коронавирус алгач катталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. 18-марттан 17-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2562 адамдан табылды, алардын ичинен 30 бейтап кайтыш болду, 1901и айыкты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38