KELECHEK
rek

Батукаев иши: Мамлекеттик айыптоочу Атамбаевге 15 жыл жаза сурады

Батукаев иши: Мамлекеттик айыптоочу Атамбаевге 15 жыл жаза сурады

Алмазбек Атамбаев жана жактоочусу Замир Жоошев. Сот отурумдарынын биринде.

Биринчи май райондук сотунун "Батукаев иши" боюнча 16-июндагы отурумунда мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев “Азаттыкка” маалымдады:

“Бүгүн жарыш сөздө мамлекеттик айыптоочулар мурдагы айыптоо актысын окуп койду. Анан шектелүүчүлөргө жаза сурады. Алмазбек Шаршеновичке 15 жыл эркинен ажыратуу, мамлекеттик сыйлыктарын жокко чыгаруу, үй мүлкүн мамлекетке чегерүүнү суранды”.

Жактоочу 18-июнда айыпталып жаткандарга сот өкүмү чыгаары болжолдонуп жатканын билдирди.

16-июндагы отурумда сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жараянга алып келүүнү талап кылган. Адвокат Замир Жоошев Атамбаев бул ишти буйрутма деп эсептегендиктен жана саламаттыгына байланыштуу сотко катышуудан баш тартканын билдирген.

Ушул эле күнү УКМК маалымат таратып, Алмазбек Атамбаевдин саламаттыг канагаттандырарлык экендигин билдирди.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу ишине байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупцияны уюштуруу”) менен айыпталып жатат.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган.

Алардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши сотко өткөн. 10-июнда бул кылмыш ишинде шек саналган дагы 13 кишинин иши сотко жиберилген.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев баштаган анын ондон ашык тарапташына Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Айып коюлган 19 кишиден тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.

"Азаттык"үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53