Кыргызстанда COVID-19 100 адамдан жаңы аныкталды, бул эң жогорку көрсөткүч
Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 100 адамдан жаңы аныкталды. Бул өлкөдө коронавирус алгач катталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Вирус аныкталгандардын көптүгү жагынан Бишкек шаары алдыда экенин 16-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
- Бишкек шаары – 57
- Ош шаары - 11
- Чүй облусу – 11
- Нарын облусу – 9
- Ош облусу – 6
- Талас облусу - 3
- Ысык-Көл облусу – 2
- Жалал-Абад облусу - 1
Брифингдеги маалымат боюнча 16-июнда коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 34 бейтап айыгып, үйүнө чыкты. Алардын тогузу Бишкектен, Чүйдөн 17, Нарындан 4, үчөө Ош шаарынан жана бирөө Жалал-Абад облусунан.
18-марттан 16-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2472 адамдан табылды, алардын ичинен 28 бейтап кайтыш болду, 1844 бейтап айыкты.
Коронавирус жуктурган 597 адам ооруканада. 32 адам оор абалда жатат, 6 киши жандандыруу бөлүмүндө. 110 адамдын абалы орточо оор деп бааланууда.
"Азаттык" уналгысы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38