KELECHEK
rek

Орусияда мигранттар 15-сентябрга чейин каттоосуз жүрө алышат

Орусияда мигранттар 15-сентябрга чейин каттоосуз жүрө алышат

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясына байланыштуу чет өлкөлүктөргө 15-марттан 15-июнга чейин жарыяланган миграциялык жеңилдиктердин мөөнөтүн 15-сентябрга чейин узартты.

"Азаттык" кабарлагандай, COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу 18-апрелде жарыяланган жарлыкка ылайык, бул мезгил аралыгында чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзам бузуулар үчүн административдик чара колдонулбайт.

Патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүн узартуу талап кылынбайт. Башкача айтканда, бул арада мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбайт.

Чет өлкөлүктөрдү депортациялоо, миграциялык эреже бузуулар үчүн административдик жаза чегерүү да белгиленген мөөнөт аралыгында токтоп турат.

Мигранттарды ишке кабыл алууда миграциялык документтер талап кылынбайт. Иш ордунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын жумуш берүүчүлөр камсыздашы керек болот.

Акыркы маалыматтар боюнча, 750 миңдей кыргызстандык Орусияда эмгек миграциясында жүрүшөт. Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө Казакстан менен Кыргызстандын эмгек мигранттарынан патент талап кылынбайт.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанга 20 миңдей мигрант кайткан.

Орус өкмөтү 15-июлдан тартып аба каттамдарын жандандырууга камданып жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52