KELECHEK
rek

Түркмөнстанда бир нече айылды суу каптады

Түркмөнстанда бир нече айылды суу каптады

Түркмөнстандын Мары жана Лебап облустары чектешкен бир нече айылда сел жүрдү. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аталган аймактардагы кабарчылары билдиришти.

Мары облусундагы кабарчынын айтымында, 12-июнда Каракум каналы жээктен чыгып, жакын жайгашкан айылдарды суу каптаган.

«Суу каптоодон Ничка айылында 50-60 үй зыянга учурады. Айылдын көчөлөрү аркылуу кайык менен гана жүрүүгө болот», — деди кабарчы.

12-июнда социалдык түйүндөрдө Гараметнияз жана Ничка айылдарындагы сел каптаган үйлөр, көчөлөр тартылган видео пайда болгон.

Азырынча суу каптоодон жабыркаган тургундар мамлекеттен эч кандай жардам алыша элек.

«Үйлөрдөгү, көчөдөгү сууну сордуруп алыш үчүн атайын техникалар керек, бирок азырынча алар жок. Тургундар айыл четиндеги бийиктикке чыгып, талкаланып жаткан үйлөрүн кароодон башка эч нерсе кыла албай турушат», — деди кабарчы.

Лебап облусундагы кабарчынын айтымында, Керкин районундагы бир нече айылды да суу каптап, эгин талааларын жууп, турак-үйлөрдү зыянга учуратты.

Түркмөнстандын мамлекеттик ЖМКлары бул жаратылыш кырсыгы боюнча эч кандай маалымат беришкен жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...