KELECHEK
rek

Тажикстанда сүйүшкөн жаштар өз жанын кыйды

Тажикстанда сүйүшкөн жаштар өз жанын кыйды

Тажикстанда 15-июлда Зарафшон дарыясында  эки жаштын сөөктөрү табылды. 24 жаштагы Шахбоз Холмуродов менен  21 жаштагы Санавбар Гафурованы туугандары жана айылдаштары бир жумадан бери издеп жатышкан.

Айылдыктар эки жаш өз өмүрлөрүн кыйды деп эсептейт. Алар 8-июлда түгөйлөр кыштактан алты чакырымдай басып барып, дарыяга секирип кетишкен деген ойдо. Маркум бала жашаган Зосун кыштагынын айыл кеңешинин башчысы Акбархуджы Солехов бул окуянын бир нече версиясы бар экенин белгилейт. “Божомолдордун бири боюнча сүйүшкөн жаштардын ата-энелери алардын мамилесин билген. Алгач никеге каршы болгон эмес. Бирок андан кийин башкача болуп кетти. Кыз-жигиттин баш кошуусуна ким каршы чыкканы белгисиз”, - дейт ал.

Шахбоз Холмуродов Тажикстандын Улуттук университетин аяктап, Анзобдо металлургия комбинатынын химиялык лабораториясында иштеп жаткан. Санавбар Гафурова быйыл Айнин районунда медициналык колледжди бүтүргөн.

Шахбоздун туугандары жаштар бири-бирин катуу сүйүп, ант беришкен дешет. Жигиттин досторунун бири Жонон Эшназаровдун айтымында, болжолу алты ай мурун Шахбоз менен Санавбар ата-энелеринен бата алган эле. “Бирок үч ай мурун жаштардын энелери батасын артка алып, сүйүшкөндөр бир убакытта сүйлөшпөй турду. Бир аздан соң алар кайра жолугуп баштаган”, - дейт Эшназаров.

8-июлда Шахбоз үйүнөн чыгып, бирок кайтып келген жок. Туугандары аны бир жума издеп, телеберүү жана гезит аркылуу жарыя дагы беришкен Алар Шахбозду таап алабыз деп аягына чейин үмүттөнүп отурушту. Досу Жонондун айтымында, “Шахбоз билимдүү болчу. Мындай кадамга кантип барганын элестете албайт”. Учурда эки жаштын ишин райондук түзүмдөр териштирүүдө. Сүйүшкөн түгөйлөрдүн жанын кыюусу жергиликтүү тургундарды дүрбөлөңгө салды. Зосун кыштагынын айыл кеңеши бул күндөрү мындай окуяларды алдын алыш үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...