Пхеньян Сеул менен байланышты токтотконун билдирди
Пхеньян бүгүнтөн тартып Сеул менен телефондук байланышты токтотот. Бул тууралуу Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.
Билдирүүдө Түндүк Корея 9-июнда түшкү саат 12де өкмөттөр жана аскердик мекемелер ортосундагы байланыш линияларын өчүрө тургандыгы белгиленген.
«Мындан ары Түштүк Кореянын бийлиги менен талкуулай турган эч нерсебиз жок. Түндүк Кореянын жетекчилиги «саткындар жасаган кылмыштары үчүн жооп бериши керек» деп, эки өлкө ортосундагы бардык байланыш каражаттарын толук өчүрүү тапшырмасын берди», — деп жазылган агенттиктин билдирүүсүндө.
Өткөн жумада Пхеньян Сеулду чектеш аймактарга үгүт баракчаларын чачууга айыптаган. Түндүк Корея түштүктөгү коңшусунан муну токтотууну талап кылып, бардык байланыштарды үзөрүн эскерткен.
Шейшембиге караган түнү Түштүк Кореянын бийлиги Пхеньян телефон чалууларга жооп бербей калганын билдирген. Сеул коңшусу менен чек арадагы куралдуу жаңжалдарды токтотууга арналган резервдик линиялар аркылуу да байланыша алган эмес.
1950-1953-жылдардагы Корей согушу аяктагандан бери эки өлкө тынчтык келишимине кол коюша элек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52