KELECHEK
rek

Музей жана ипподром иши: Сот Исаковду 18 жылга кести, Карыбаевага айыппул салды

Музей жана ипподром иши: Сот Исаковду 18 жылга кести, Карыбаевага айыппул салды

Бишкектеги Улуттук тарых музейи. Апрель, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратты. Өкүмдү ишти караган судья Марат Сыдыков окуду.

Ага ылайык, Сапар Исаков Кылмыш кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен күнөөлүү деп табылды. Исаков бул иштерден мамлекетке келтирилген 247 миллион 650 миң 281 сомду да төлөп бериши керек.

Соттун чечими менен президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева 320-берененин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыппул салынды.

4-июндагы отурумда прокуратура Сапар Исаковду Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча буга чейинки сот өкүмдөрүн кошкондо баш-аягы 20 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион сом айыппул салууну өтүнгөн. Ал эми Мира Карыбаевага коюлган «Коррупция» беренеси «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине өзгөртүлгөндүктөн, ага 260 миң сом айыппул салууну сураган.

Сапар Исаковдун, Мира Карыбаеванын адвокаттары Биринчи май райондук соту 9-июнда чыгарган өкүмгө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазышаарын билдиришти. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53