Боронов: Өзбекстан чек ара боюнча үч маселе койду
Кубатбек Боронов.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы чатактан кийинки эки тараптуу жолугушууда Өзбекстан күн тартибине үч маселени койду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясында маалымат берип жатып билдирди:
«Жолугушууда Өзбекстан тараптан бизге үч маселе коюлду. Биринчиси - Риштан районундагы «Кайтпас» постун ачып берүү боюнча. Экинчиси - жайыт, үчүнчүсү - Токтогул суу сактагычынан же Сырдарыядан сугат мезгилинде суу алуу боюнча маселе айтылды. «Кайтпас» посту боюнча өз позициябызды билдирдик. Муну силер менен чогуу иштеп, эки өлкөнүн комиссияларынын алкагында карап берип, ЕАЭБге мүчө экенибизди да эске алуу менен карайбыз дедик. Бүгүн-эртең ачып беребиз деген сөз болгон жок. Жайыттар боюнча эки облустун - Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын жетекчилерине тапшырма берилди. Алар маселени талдап, сунуш беришсе карап берели деген жооп айттык. Алар макул болушту. Суу боюнча да мүмкүнчүлүккө жараша карап көрөлү деп жооп кайтардык».
Боронов ошол эле учурда Кыргызстан Өзбекстанга карата эки маселе көтөргөнүн билдирди:
«Биринчиси - буга чейинки өкмөт аралык комиссиялардын ишин тездетүү. Буга макул болушту. Экинчиси, Сох районунун тегерегиндеги Кыргызстандын эки айылына суу чыкпай калган экен. Маселе жеринен чечилип, биздин айылдарга суу берилди. Чырдын башы болгон Чечме-Булак суусун коңшу тарап өздөрүнө буруп алган экен. Ал мурдагы абалына келтирилди».
Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөт өкүлдөрү 1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда жолугушуп, акыркы кырдаалды талкуулаган. Жолугушууга эки өкмөттүн Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын биринчи вице премьер министри Кубатбек Боронов баштаган өкүлдөрү катышкан.
31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. «Азаттыктын» өзбек кызматы өзбек тараптан 187 киши жараат алганын жазды.
Кубатбек Боронов сессияда эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын кийинки отуруму 20-июнга белгиленин кабарлады.
"Азаттык" үналгысы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12