KELECHEK
rek

Сооронкулова: УКМК тергөөнү башка нукка бурууга аракет кылып жатат

Сооронкулова: УКМК тергөөнү башка нукка бурууга аракет кылып жатат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлдекеттик кызмат (УКМК) «Азаттыктын» журналисти иликтеп чыккан мыйзамсыз коррупциялык иштерди иликтеп, ачыкка чыгаруунун ордуна, тескерисинче, ишти башка нукка буруп, анын өзүн күнөөлүү кылып көрсөткүсү келип жатат.

Мындай пикирин Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында билдирди:

«Эгер УКМК өздөрүнүн алдына коюлган ишти – иликтөөдө айтылган мыйзамсыз, коррупциялык иштердин жок экенин аныктап, ал тууралуу маалыматтарды жокко чыгарып, анан гана «журналист жок маалыматтарды бериш үчүн акча алган экен» деп чыгарса түшүнүктүү болмок. Бул жолу алар тескерисинче кетишти. Коррупциялык иштерди эмес, аларды айтып чыккан журналисттин ишине киришип, чоң олжо тапкансып, «акча алганын таап чыктык» деп мактанып жатышат».

Сооронкулова атайын кызмат «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, иликтөөдө аталган адамдардын байлыгын текшерүүгө тийиш деп эсептейт.

2-июнда кытай жараны Айеркен Саймаитинин Кыргызстандын бажы тармагындагы айрым мамлекеттик кызматкерлер байланышкан коррупция тууралуу «Азаттыкка» айткан маалыматтарын иликтеш үчүн Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отуруму өткөн. Анда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек «Кытайдын жараны Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген» деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. «Айеркен Саймаитинин «Азаттыктын» журналистине акча бергенин өзүнөн укканбыз» деген эки күбөнүн видео көрсөтмөсү көрсөтүлгөн. УКМКнын бул аракетин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жарандык активисттер айыптап чыгышты.

Ал эми «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «"Азаттыктын" кабарчысы акча алган» деген маалыматты «журналисттерди каралоо» деп баалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53