KELECHEK
rek

Адвокат: Жогорку сот Конгантиевди актады, эми ал толук реабилитация болууга укуктуу

Адвокат: Жогорку сот Конгантиевди актады, эми ал толук реабилитация болууга укуктуу

Жогорку сот мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди толук актады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады.

Жактоочунун айтымында, 3-июнда Жогорку сотто прокуратуранын соттук биринчи жана экинчи инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүү тууралуу кассациялык талабы каралды:

"Жогорку сот прокуратуранын арызын четке кагып, актаган өкүмдөрдү күчүндө калтырды. Эми ал толук реабилитация болууга укугу бар. Жогорку сот өз чечимин Конгантиевдин аракетинде кылмыш жок деп негиздеди".

Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Анын 2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени 2018-жылы ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Иш кайра сотко өткөрүлүп, прокуратура Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айып пул салууну суранган. Жактоочу тарап анын күнөөсүз экенин айтып, актоону өтүнгөн. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2019-жылы 5-июлда Конгантиевди кайра актаган. Шаардык сот бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53