KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков врач Альберт Исмаиловдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын туугандары менен жакындарына көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков врач Альберт Исмаиловдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын туугандары менен жакындарына көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-фтизиатры Альберт Исмаиловдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын туугандары менен жакындарына көңүл айтты.

«Ош облусунун Кара-Кулжа районунундагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-фтизиатры Альберт Исмаиловдун коронавирустан каза болгондугу жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын пандемиясы мезгилинде экинчи медик каза болду. Өлкө аймагына илдет кирген биринчи күндөн тарта биздин дарыгерлерибиз жогорку патриоттуулукту көрсөтүү менен эпидемиологиялык кырдаалдын андан ары курчуп кетишине жол бербөө үчүн бардык күч-аракеттерин көрүп жатышат. Тилекке каршы, биз кызматтык милдеттерин аткарып жатып илдет жугузуп алган дарыгерибизди сактай албадык», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков Альберт Исмаиловдун көп жылдан бери медициналык милдетин ак дилинен аткарган, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин элдин саламаттыгын коргоого калкан болуп берген өз ишине берилгендиктин өрнөгү болуп каларын баса белгиледи.

«Альберт Исмаиловдун элеси кесиптештеринин, бейтаптарынын жана жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталат. Анын жакындарына, туугандарына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана орду толгус оор жоготуу кайгысын тең бөлүшөм», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13