KELECHEK
rek

Башкы штаб Канттагы базага байланышкан протокол тууралуу түшүндүрмө берди

Башкы штаб Канттагы базага байланышкан протокол тууралуу түшүндүрмө берди

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусиянын Канттагы аба базасына байланышкан протоколдун парламентте талкууланышы тууралуу комментарий берди.

Башкы штабдын 2-июндагы маалыматында протоколдо ижара акысы боюнча маселелерди тактоо, учкучсуз аппараттарды Кыргызстандын аймагында биргелешип колдонуу, базанын учуу-конуу тилкесин реконструкциялоо боюнча эки өлкө ортосундагы 2012-жылы түзүлгөн келишимге киргизилген өзгөртүүлөр, толуктоолор камтылганы айтылат.

Протоколдун долбоорун Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен Орусиянын Коргоо министрлиги даярдаган.

Кантка орус аба базасы 2003-жылы жайгашкан. Ал үчүн Орусия жыл сайын 4,5 миллион доллар төлөп берет. Башкы штаб бул каражат толугу менен бюджетке түшүп жатканын билдирди.

Штаб база жайгашкан жер тилкелерин кайра тактоо учурунда аянт келишимде көрсөтүлгөндөн көп экени билингенин, буга байланыштуу эки тараптуу келишимге өзгөртүү киргизилип жатканын белгилеген.

Маалыматка караганда, протоколго орус президенти Владимир Путин былтыр мартта кол койгон.

«​Протокол ратификациядан өтсө ижара акысы 4,79 миллион доллар болуп, учуу-конуу тилкесинин жасалма төшөлмөлөрүнүн ордуна эки миллиарддан ашык рублга бетон аэродромдук плиталар жана асфальт басылып, толук оңдолот. Плиталар орус тараптын менчиги болуп саналат», деп билдирди Башкы штаб.

Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы маалыматка караганда, макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору 4-июнда биринчи окууда каралат. Аны кыргыз өкмөтү сунуш кылган.

Макулдашуунун өзүнө 2012-жылы 20-сентябрда, ал эми аны өзгөртүү тууралуу протоколго 2019-жылы март айында кол коюлган. Протокол эки өлкөнүн парламенттери ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.

Кыргызстанда Орусиянын төрт аскердик объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси - Канттагы авиабаза. Ал 2003-жылы Канттагы эски аскер аэродромунун базасында ачылган.

Протокол Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2-июндагы күн тартибине коюлуп, кайра алынды. Аны комитет талкуулай элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53