АКШда башаламандыктар менен коштолгон акциялар кеминде 75 шаарда өтүүдө
АКШнын бир нече штатындагы массалык башаламандыктардын жыйынтыгында 4 миңден ашык киши камакка алынды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, Миннесота штатында афроамерикалык Жорж Флой полициянын колунан каза болгондон кийин башталган нааразылык акциясы кеминде10 штаттагы 75 шаарда өтүп жатат. Бул акциялар башаламандык, талоончулук, имараттарды өрттөө менен коштолууда.
Полиция акция катышуучуларына каршы көздөн жаш агызчу газ жана желим окторду колдоно баштады. Башаламандыктарга катышкан төрт миңден ашык киши камалды. Алар талоончулук кылып, жол тосуп, коменданттык саат эрежелерин бузгандыгы айтылууда.
Абалдын курчуп кеткенине байланыштуу 25 ири шаарда, анын ичинде Лос-Анджелес, Денвер (Колорадо), Майами (Флорида), Атланта (Жоржия), Чикаго (Иллинойс), Луисвилл (Кентукки), Миннеаполис жана Сент-Пол (Миннесота) шаарларында коменданттык саат киргизилген. Абалды жөнгө салуу үчүн Миннесота, Жоржия, Огайо, Колорадо, Висконсин, Кентукки, Юта, Техас, Калифорния штаттарынын губернаторлору Улуттук гвардиянын аскерлерин тарткан.
25-майда полиция Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында жасалма акча колдонууга шектелген жаранды кармаган. Күбөлөр тарткан видеодо сары чийкил полиция кызматкери куралы жок Флойду жерге жыгып, тизеси менен бир нече мүнөт мойнунан басып турганын көрүүгө болот. Флойд дем жетпей атканын айтып, аны кое берүүнү өтүнгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52