АКШнын ири шаарларында башаламандыктар уланууда
АКШнын президенти Дональд Трамп Миннеаполис шаарындагы абалды көзөмөлгө ала албагандыгы үчүн мэр Жейкоб Фрейди сынга алып, козголоңчуларды күч менен токтоторун эскертти.
Көчөлөрдөгү башаламандыктар менен коштолгон ири нааразылык акциялар Миннеаполистен тышкары АКШнын жети шаарында, анын ичинде Вашингтондогу Ак үйдүн алдында да өттү. Буга Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн афроамерикалык Жорж Флойдун өлүмү себеп болду. Күн мурун бул окуяга катышкан полиция кызматкерине адам өлтүрүү айыбы тагылды.
25-майда полиция Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында жасалма акча колдонууга шектелген жаранды кармаган. Күбөлөр тарткан видеодо сары чийкил полиция кызматкери куралы жок Флойду жерге жыгып, тизеси менен бир нече мүнөт мойнунан басып турганын көрүүгө болот. Флойд дем жетпей атканын айтып, аны кое берүүнү өтүнгөн.
Башаламандык 26-май күнү кечинде башталып, кийинки күнү да уланган. Демонстранттар Миннеаполис шаарындагы полиция бөлүмүнүн алдына чогулуп, айрымдары тартип сакчыларына таш ыргытышкан. Полиция жооп катары көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Эртеси вандализм, дүкөндөрдү өрттөө жана талоончулук фактылары катталганы кабарланган. Бейшемби күнү калаадагы полиция бөлүмү өрттөлгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52