Чек арадагы жаңжалда жаракат алган эки кишинин абалы оор
Чечмедеги жаңжалда жаракат алган эки кишинин абалы оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги “Фейсбуктагы” расмий баракчасында маалымдады.
Маалыматка караганда, 31-май күнү кыргыз-өзбек чек арасындагы чатакта жаракат алган 15 адам Айдаркен шаардык медициналык борборуна кайрылышкан. Алардын ичинен төртөө түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган, экөөнүн абалы оор. Калгандары медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кетишкен.
Ошондой эле маалыматта “жаңжал чыккан жерде эки “Тез жардам” бригадасы нөөмөттө турат. Аларга көмөк көрсөтүүгө Баткен облустук ооруканасынан реаниматолог менен травматолог адистер саламаттык сактоо боюнча облустук координатор менен бирге Чечмеге чыгып кетишти” деп жазылган.
«Озодлик» радиосу таш атышуудан 16 өзбекстандык жараат алып, ооруканага кайрылганын Сох районунун тургунунун маалыматына таянып жазды. Өзбекстан муну расмий бышыктай элек.
31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда "булак бизге таандык" деп, сөз талашкандан чыккан.
Өзбекстандын чек ара кызматы да бул окуя боюнча билдирүү таратып, "кырдаал толук көзөмөлдө" деп маалымдады. "Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох районундагы Чечме булагында кыргызстандыктар менен өзбекстандыктар ортосунда жаңжал чыкты. Бул кырдаалды чечүү үчүн чек арада эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтеринин жооптуу адамдары жолугушту. Учурда кырдаал көзөмөлдө. Жаңжалдын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат" деп жазылган билдирүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41