Бишкекте Атамбаевге каршы жана аны колдогон митинг өтүп жатат
Биринчи май райондук сотунун алды. Алмазбек Атамбаевге каршы чыккандардын митинги. 1-июнь, 2020-жыл
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогондор митингге чыгышты.
«Азаттыктын» кабарчысы жеринен билдиргендей, чогулгандар «Алмазбек Атамбаев командасы менен камалсын!» деп кыйкырып турушат.
Митингдин катышуучусу, «Мээр жазы» фондунун төрайымы Ыргалай Бекмуратова "Атамбаев бийликте турган кезде жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартылышы керек" деп айтты.
Соттун алдына Атамбаевди колдогондор да келишти. Алар "Атамбаев жана аны менен кошо камалгандардын күнөөсү жок, алар акталсын" деген талап коюшту. Парламент депутаты Ирина Карамушкина "Атамбаевге каршы митингдин артында бийлик турат" деген пикирин билдирди.
Соттун имаратынын алдына милициянын кошумча күчтөрү келди.
Биринчи май райондук соту бүгүн, 1-июнда Кой-Таш окуялары боюнча ишти кароону улантууда.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясында оор кылмыштар үчүн айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган.
"Азаттык" үналгысы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13