Штаб: Коомдук жайларда беткап тагынбагандарга чара көрүлөт
Эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соодо борборлорунда жана коомдук транспортто беткап тагынбаган адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын 25-майда өткөн жыйынында билдирди.
«Беткапсыз жүргөн жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуу коркунучу жогору. Ошондуктан коомдук жайларда беткап тагынуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл», - деди Боронов.
Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, штабдын жыйынында мамлекеттик органдарга жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына карата бекитилген алгоритмдин негизинде ишти күчөтүү милдеттендирилди.
Мамлекеттик мекемелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына илдет жугузуп алгандардын байланыштарын так аныктоо, үй карантининдегилерди катуу көзөмөлгө алуу тапшырылды.
25-майдан баштап Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад, Нарын шаарларында коомдук транспорт ишин жандантып, 50 орунга чейинки ашканалардын, кафе-ресторандардын, кийим-кече саткан базарлардын жана айрым тейлөө мекемелеринин иштешине уруксат берилди.
Республикалык штаб ишин жанданткан мекеме-ишканаларда санитардык эрежелер так сакталышы керек экенин, тартип бузулса айып салынарын эскертип жатат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13