Жарадар жоокерди Москвага жеткирүү маселеси каралууда
Кыргыз-тажик чек арасында 8-майда жарадар болгон кыргыз жоокерине Москвадан операция жасатуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев 24-майда «Твиттерге» жазды.
Ал: «Бул маселе көзөмөлдө. Жоокердин апасы менен жолугушуу өткөрүлүп, операциянын эки варианты талкууланган. Бишкекте консилиум болгон. Дарыгерлер операцияны бул жактан жасай алышат. Бирок ата-энеси Москвадан деп суранууда. Чек аралар жабык болуп жатканына байланыштуу аны Москвага жеткирүү маселеси каралып жатат», - деди.
Саламаттык сактоо министрлиги 19-майда академик Миталип Мамытовдин катышуусунда Орусиянын Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунун адистери менен онлайн консилиум өткөргөндөн кийин жоокерди дарылоо ыкмасы өзгөртүлгөнүн 22-майда кабарлаган.
Бейтаптын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат.
Мамлекеттик чек ара кызматынын 8-майда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жарадар болгон үч жоокери - Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке Улуттук госпиталга жеткирилген.
Көкүрөгүнө ок тийген эки чек арачы абалы жакшы болуп калгандыктан ооруканадан чыгарылды.
Ал эми омурткасына ок тийген Султанбек уулу Мирбекке алгач Баткенде, экинчи жолу Бишкекке келгенде ичегисине операция жасалган.
14-майда жарадар жоокердин туугандары аны Орусиядан дарылатууну суранып жатышканы парламентте айтылган.
Тажик тарап бул окуядан эки жараны жарадар болгонун билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38