KELECHEK
rek

Жалал-Абад: Кеңеш айылында айт күнү үй кыдырбоого чакырган чечим кабыл алынды

Жалал-Абад: Кеңеш айылында айт күнү үй кыдырбоого чакырган чечим кабыл алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусуна караштуу айылдардын биринде айт күнү маркумдарга куран окуш үчүн үйлөрдү кыдырбоого чакырган чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Муфтияттын маалыматына караганда, Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийлик дин кызматкерлери менен бирге көчмө жыйын өткөрдү. Анда той-аштагы, маркумду акыркы сапарга узатуудагы “ыксыз чыгымдар” тууралуу сөз болду.

Жыйынга райондун акими Бакыт Козуев, башкы имам хатиби, айыл өкмөт башчысы, имамдар, айыл башчылар катышты.

Муфтияттын маалыматында “Талкуу учурунда айт күнү куран окуш үчүн үйлөрдү кыдырбай, ата-эне жана бир туугандар менен бирге болуу, сөөктү жерге берүүдө мал сойбоо, аялдарга көк кийгизбөө, жыртыш жыртпоо маселелери каралды. Жыйынтыгында сунуштар колдоого алынып, айыл өкмөтү токтом чыгарды. Токтом чыгарылган күндөн баштап күчүнө кириши белгиленди. Айыл башчыларга, имамдарга көзөмөлдөө жагы милдеттендирилди” деп айтылат.

Дин башкармалыгы мындай жыйындар район аймагындагы бардык айыл өкмөттөрдө өтөрүн белгиледи.

24-майда Кыргызстанда Орозо айт майрамы болот.

Коронавируска байланыштуу карантин шартында бул майрам быйыл кандай белгиленери тууралуу суроого өкмөт муфтияттын чечимине жараша болорун билдирген.

Муфтият өз чечимин жарыялай элек.

18-мартта Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары катталган. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, бардык мекеме-ишканалар менен катар мечиттер да убактылуу жабылган.

Адатта айт күнү Бишкектин Эски аянтында муфтий катышкан айт намаз окулат. Адамдар бири-бирин Орозо айынын жыйыныткалышы менен куттуктап, коноктошот. Жакында каза болгон адамдардын үйүнө барып куран окушат.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13