ДССУнун COVID-19га каршы күрөшүүгө арналган жыйыны башталды
Дүйшөмбү күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкаруучу органдары COVID-19 пандемиясынын айланасындагы абалды талкуулоо үчүн эки күндүк онлайн жыйынга чогулушту.
Алгачкы күнү эл аралык эксперттер бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүн пандемияны токтотуу боюнча ДССУнун сунуштарын аткарууга чакырышты.
Расмий маалыматтар боюнча коронавирусту дүйнөдө 4 миллион 890 миңден ашык киши жуктуруп алды. Алардын ичинен кеминде 320 миң бейтап каза болду.
Европа Биримдиги менен Австралия жаңы вирустун келип чыгышын жана жайылуусун жакшылап иликтөөгө чакырууда. Ушу тапта бул сунушту колдогон өлкөлөрдүн саны 122ге жетти. Алардын арасында Улуу Британия менен Орусия да бар.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш пандемияны азыркы замандын эң олуттуу чакырыгы деп атап, азырынча илдетти токтотуу боюнча натыйжалуу каражат табыла электигин белгиледи. Гуттериштин айтымында, «өлкөлөр коронавирустун жайылуусун токтотууга каршы ар башка, айрым учурларда талаштуу стратегияларды колдонууда». Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары сакталбай жаткандыктан, адамзат көптөгөн жоготууларга дуушар болуп жатканын кошумчалады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52